Бул жылы «Оскар» сыйлыгын кимдер утту? Тизме

16-мартка караган түнү Лос-Анжелес шаарында Оскар сыйлыгынын 98-салтанаттуу тапшыруу аземи өттү. Бул сыйлыкты Америкалык кино искусствосу жана илими академиясы ыйгарат.

Сыйлыктар актердук номинациялар, режиссура, сценарий жана жылдын эң мыкты тасмасы сыяктуу категорияларда тапшырылды.

«Оскар — 2026» сыйлыгынын жеңүүчүлөрү:
    •    Эң мыкты фильм — One Battle After Another («Жортуул артынан жортуул»);
    •    Эң мыкты режиссер — Пол Томас Андерсон, One Battle After Another («Жортуул артынан жортуул»);
    •    Эң мыкты аял актриса — Жесси Бакли, Hamnet («Хамнет»);
    •    Эң мыкты эркек актёр — Майкл Б. Жордан, Sinners («Күнөөлүүлөр»);
    •    Эң мыкты сүрөтчү-постановщик — Тамара Деверелл, Frankenstein («Франкенштейн»);
    •    Эң мыкты кыска метраждуу даректүү фильм — All the Empty Rooms;
    •    Эң мыкты кыска метраждуу көркөм фильм — The Singers;
    •    Эң мыкты чет тилдеги фильм — Sentimental Value («Сентименталдык баалуулук»);
    •    Эң мыкты үн — F1;
    •    Эң мыкты монтаж — One Battle After Another («Жортуул артынан жортуул»);
    •    Эң мыкты визуалдык эффекттер — Avatar: Fire and Ash («Аватар: От жана Күл»);
    •    Эң мыкты оператордук иш — Sinners («Күнөөлүүлөр»);
    •    Эң мыкты ыр — «Golden», KPop Demon Hunters («Кей-поп: жин аңчылары»);
    •    Эң мыкты оригиналдуу сценарий — Sinners («Күнөөлүүлөр»);
    •    Эң мыкты адаптацияланган сценарий — One Battle After Another («Жортуул артынан жортуул»);
    •    Эң мыкты экинчи пландагы эркек актёр — Шон Пенн, One Battle After Another («Жортуул артынан жортуул»);
    •    Эң мыкты кастинг — One Battle After Another («Жортуул артынан жортуул»);
    •    Эң мыкты грим жана чач жасалгасы — Frankenstein («Франкенштейн»);
    •    Эң мыкты костюм дизайны — Frankenstein («Франкенштейн»);
    •    Эң мыкты кыска метраждуу анимациялык фильм — The Girl Who Cried Pearls;
    •    Эң мыкты анимациялык фильм — KPop Demon Hunters («Кей-поп: жин аңчылары»);
    •    Эң мыкты экинчи пландагы аял актриса — Эми Мэдиган, Weapons («Курал»).



Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз