Ош мэриясынын ишкерлерге болгон карызы республикалык бюджет менен Президенттин Турукташтыруу фондунан төлөнөт
Ош мэриясынын ишкерлерге болгон өткөн жылкы карызы республикалык бюджет менен Президенттин Турукташтыруу фондунан төлөнөт. Мындай маалыматты Курулуш министри Нурдан Орунтаев бүгүн, 17-март күнү Оштогу ишкерлер менен болгон жолугушуу учурунда айтты.
Өлкөнү башкы курулушчусу алгач объекттердин мыйзамдуулугу текшерилип, жумуштун чыныгы көлөмүнө жараша акчалары берилерин билдирди.
«Өзүңүздөргө маалым болгондой, 2025-жылы Ош шаарында көптөгөн курулуш иштери жүрүп, бирок, аягына чыкпай, бүгүнкү күнгө чейин маселелерди жаратып келген. Алардын ичинен 10го жакын объект курулуш иштери аягына чыгып, бирок, ишкерлер акчасын алыша элек. Ошондой эле 24 объектте курулуш иштери башталып, курулуш иштери аягына чыкпай, кандайдыр бир себеп менен аягына чыкпай калган курулуштар да бар.
Курулуш иштери бүтүп, бирок, акча каражатын албай келген ишкерлердин курулуш иштери боючна айтсам, бул объекттердин көпчүлүгүнүн долбоордук-сметалык документтеринин жок. Ошонун негизинде акчаны мэрия бере албай калган. Мындан сырткары, 24 объекттин курулуш иштери башталган, бирок, тиешелүү документтери бүтпөй келген. Аны менен кошо дагы бир жолу кайталайм, ошол 9 курулуш боюнча, 24 объект боюнча да, биринин да тиешелүү документтеринин пункттары аткарылган эмес.
Ошондой эле 3 күн мурун биз маалыматтардын баарын чогултуп, урматтту президенттибиз Садыр Нуркожоевичке жеткирдик. Президентибиз атайын тапшырмасына ылайык, бардык курулуштар боюнча тиешелүү көрсөтмөлөрдү алып келдик. Ал көрсөтмөлөргө ылайык, биз жумушту эки этабга бөлөбүз. Биринчи этабы: курулуштар жүрүп жаткан, бирок аягына чыга элек объекттер болот. Алардын баарын биз Курулуш министрлигинин карамагына өткөрүп алып, министрлик тарабынан тиешелүү документтер чогултулуп, курулуш иштери аягына чыккандан кийин гана акча каражаттарын туура бөлүп берүү боюнча иштерди алып барабыз. Экинчи этабы: курулуш иштери аягына чыккан 9 объект. Бул объекттер боюнча тиешелүү комиссия түзүлүп, курулуштун тиешелүү документтери текшерилип, туура болгондон кийин гана акчасын бөлүп беребиз.
Бул курулуш иштеринин каржы булагы чечилди. Буларга республикалык бджеттен жана Президенттин Турукташтыруу фондунан бөлүнүп берилет», - деди Орунтаев.
Ошондой эле Орунтаев Ош шаарынын мэриясынын имаратынын курулуш иштерин Президенттин иш башкармалыгы улантарын кошумчалады.
Нурдан Ортунтаев Ош шаарындагы ушул курулуш иштери боюнча өзү башкарган министрликтин департаментинин башчысы иштен алынганын айтты. Бирок ал кайсыл департамент экенин тактаган жок.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


