Арваз Ахмади Таиланддагы мелдеште күмүш медаль жеңип алды
Кыргызстандык спортчу Арваз Ахмади Таиландда өткөн эл аралык бокс турниринде 2-орунду ээледи.
19 жашка чейинки спортчулар арасында өткөн World Boxing Futures Cup турнири 15-март күнү Бангкок шаарында жыйынтыкталды.
Ахмади 70 кг чейин салмак категориясында күч сынашты. Бул салмакта жалпысынан 40 спортчу катышкан.
Кыргызстандык мушкер 1/16 финалдан баштап чыгып, удаасы менен төрт жеңишке жетишип, финалга чыккан.
Чечүүчү беттеште Ахмади Казакстандын спортчусу менен беттешти. Үч раунд (ар бири 3 мүнөттөн) жыйынтыгында калыстар жеңишти бөлүнгөн чечим менен казакстандыкка беришкен.
Натыйжада Ахмади 2-орунду алып, күмүш медаль тагынды.
70 кг чейин
1/16 финал
Арваз Ахмади – Ян Сикора (Чехия) — 5:0
(30-27, 30-27, 30-27, 30-27, 30-27)
1/8 финал
Левенте Турос (Венгрия) – Арваз Ахмади — Ахмадинин 1-раунддагы жеңиши
Чейрек финал
Майкл Моган (Англия) – Арваз Ахмади — 0:5
(27-30, 27-30, 27-30, 27-30, 28-30)
Жарым финал
Арваз Ахмади – Хао Ву (Кытай) — 5:0
(30-27, 30-27, 30-25, 30-27, 30-28)
Финал
Бибарыс Ашырбай (Казакстан) – Арваз Ахмади — 3:2
(29-28, 28-29, 29-28, 28-29, 29-28).
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


