Сенегал Африканын кубогунан кол жууду
Африка футбол конфедерациясынын (CAF) расмий сайтында Сенегал курама командасына Марокко менен болгон Африканын улуттар кубогунун финалында техникалык жеңилүү ыйгарылганын жарыялады.
«CAFтын Апелляциялык кеңеши Африка улуттар кубогунун регламентинин 84-беренесине ылайык, 2025-жылдагы финалдык оюнда Сенегал курама командасы Марокко менен беттеште 3:0 эсебинде утулду деп табылсын деген чечим кабыл алды. Жеңиш Марокконун падышалык футбол федерациясына берилет», — деп айтылат CAFтын билдирүүсүндө.
Мелдештин чечүүчү оюнунда Сенегал курамасы Браим Диаска каршы жасалган эреже бузуу үчүн белгиленген пенальтиден кийин, 90+8-мүнөттө талаадан чыгып кеткен. Оюн 13 мүнөттөн кийин кайра улантылып, 1:0 эсебинде Сенегалдын пайдасына аяктаган.
Бирок кийинчерээк бул жыйынтык жокко чыгарылып, Сенегалга техникалык жеңилүү ыйгарылды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



