Камчыбек Ташиев ИИМде күбө катары суралууда

Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары — УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 18-мартта Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматында суракта болгону маалымдалды. Бул маалыматты «Сводка АКИpress» редакциясына ИИМ тастыктаган.

Ал эки кылмыш иши боюнча күбө катары тергөө-оперативдик иш-чарага чакырылган.

10-февралда Ташиев кызматынан бошотулган. 17-февралда ал Кыргызстандан учуп кеткен. Качан кайтып келгени азырынча белгисиз.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз