УКМКдагы коррупция. Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду

Аскер прокуратурасы 18-мартта «Сводка АКИpress» редакциясына Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетидеги коррупциялык иш боюнча айрым маалыматтарды берди.

«УКМКнын айрым кызматкерлери жана алар менен байланышкан адамдар ишкерлерден жана кылмыш иштеринин фигуранттарынан алынган акча каражаттарын жана мүлктүк укуктарды мамлекетке өткөрүп берүү деген шылтоо менен, аларды системалуу түрдө жеке кызыкчылыгы үчүн өздөштүрүп, мыйзамсыз байып келишкен», — деп билдиришти Аскер прокуратурасында.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») менен кылмыш иши козголду.

11-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева президент Садыр Жапаровго УКМКга байланыштуу айрым адамдар көп жарандардын, өзгөчө ишкерлердин, мүлкүн жана тиричилик каражаттарын тартып алышканын билдирген. Анын айтымында, жабыркагандар арыздануудан коркуп жатышат.

Буга жооп катары Жапаров ишкерлерден мыйзамсыз алынган мүлктөрдү аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.

«Эгер мындай фактылар аныкталса, биз мүлктү ээлерине кайтарып беребиз», — деп ишендирди президент.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз