Трамп Ормуз кысыгын ачуу үчүн 48 саат убакыт берди. Иран жооп берди
АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга ультиматум койду: 48 сааттын ичинде Ормуз кысыгын ачпаса, өлкөнүн энергетикалык объектилерин жок кылуу менен коркутту.
«Эгер Иран ушул учурдан тартып 48 саат ичинде Ормуз кысыгын толук жана эч кандай коркунучсуз ачпаса, АКШ сокку уруп, бул өлкөнүн ар кандай электр станцияларын, эң ирисинен баштап жок кылат!» — деп Трамп жекшемби күнү, 22-мартта.
Иран армиясы дароо жооп кайтарды. «Эгер Ирандын мунай жана энергетикалык инфраструктурасына душман тарабынан сокку урулса, АКШнын жана аймактагы режимдин бардык энергетикалык, IT жана суу тузсуздандыруу объектилери бутага айланат», — деп айтылат Корпус стражей исламской революции (КСИР) ыкчам командованиесинин билдирүүсүндө. Бул маалымат Ирандын мамлекеттик Fars агенттиги тарабынан 22-мартка караган түнү жарыяланган.
Ультиматумга бир сааттай калганда Трамп The New York Times басылмасынын автору Дэвид Сэнгердин анализине жооп берген. Анда АКШ президенти Иран боюнча көптөгөн аскердик максаттарына жетпегени айтылган. Трамп болсо: «Жок, жеттим, андан да пландалгандан бир нече жума эрте! Алардын жетекчилиги жок кылынды, флоту менен аба күчтөрү талкаланды, коргонуу мүмкүнчүлүгү таптакыр жок, эми алар келишим түзгүсү келет. Бирок мен — жок!» — деп жазган. Ал ошондой эле «АКШ Иранды жер жүзүнөн өчүрдү» деп билдирип, NYT журналистин «арзыбаган адам», ал эми гезитти «ийгиликсиз» деп атаган.
АКШ жана Израил Иранга каршы согуш баштагандан бери Ормуз кысыгы (дүйнөлүк мунай жана суюлтулган газ ташуунун болжол менен 20% өтчү жол) дээрлик жабылып калган. Иран армиясы бул аймакта мунай объектилерине жана танкерлерге сокку уруп, натыйжада дүйнөдө энергия баалары кескин өстү. Ушул жагдайда Трамп НАТОдогу союздаштарын «коркок» деп сындап, кысыктын коопсуздугун камсыздоого активдүү катышууга чакырды.
Эгер Ормуз кысыгы июнь айынын аягына чейин жабык бойдон калса, дүйнөлүк экономикалык өсүш экинчи кварталда жылдык эсеп менен 2,9 пайыздык пунктка төмөндөйт, деп эсептейт Federal Reserve Bank of Dallas. Ал эми кысык үч квартал бою жабык калса, жыл аягына карата мунайдын бир баррели 132 долларга чейин жетиши мүмкүн дешет аналитиктер.
28-февралдан бери АКШ жана Израил Иранга абадан сокку уруп жатат. Бул чабуулдардын натыйжасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи жана бир катар жогорку даражалуу аткаминерлер каза болгону айтылууда. Иран болсо жооп иретинде Перс булуңундагы коңшу мамлекеттерге ракета жана дрондор менен сокку уруп жатат. Расмий Тегеран бул чабуулдардын максаты — аймактагы америкалык аскер базалары экенин билдирүүдө. Ошондой эле Иран соккулары мунай сактоочу жайларга жана танкерлерге да тийген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


