Толкунбек Асыкулов: -Элге экологиялык билим берүү ишин күчөтөбүз!
Толкунбек Асыкулов: -Элге экологиялык билим берүү ишин күчөтөбүз!
NABU Кыргызстан уюму өлкөнүн жаратылышын, андагы жапайы жан жаныбарларын коргоо иши менен алектенгенине быйыл 15 жылдан ашты. Кыргызстандын экологиялык саясатын колдоо аркылуу, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыктары менен биргеликте, мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү, элге экологиялык билим берүү ишин тынымсыз жүргүп келет. Уюмдун Кыргызстандагы мүдүрү Толкунбек Асыкулов менен өлкөнүн жаратылышын, айрыкча илбирсти коргоо жаатында аткарып жаткан иштери жана алдыдагы пландарын сурап, микрофон сундук.
-Толкунбек мырза, саламатсызбы? Жаратылышты коргоо ишиңиздерди кандай ийгиликтер коштоп атат?
-Саламатчылык. Жаратылышты коргоодо биз өкмөттүк органдар менен чогуу иштеп, мамлекеттин экологиялык саясатын чогуу жүргүзүүгө жардамдашып келебиз. Негизи NABU уюмунун Кыргызстандагы филиалы ачылган 2010-жылдан бери Кыргыз Өкмөтү менен биргеликте иштейбиз.
Биринчи ийгиликтерден болуп – илбирсти сактоо боюнча дүйнөлүк форумду өткөрүп алдык. Буга жеке эле илбирс тараган 12 мамлекеттен эмес, башка мамлекеттерден дагы келип катышып кетишкен. Биз менен иштешкен эксперттер, жаратылышты коргойм деген түрдүү эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү дагы ошол форумдун тегерегинде көптөгөн маалыматтарды алып, андан кийин дагы өз ара байланыштарын түзүп, кызматташып жүрүшөт. Бул ишибиз ошол учурдагы өлкө башчыларына кызыктуу болуп, биздин көтөргөн идеялар, сунуштар жагып турду. Ошол 2013-жылы чоң форум өткөргөндө мамлекет башчысы өзү катышып, экологиялык саясатка да кийлигишкен учурлар болгон. Башка өлкөлөрдөн министрлердин деңгээлинде коноктор келип катышып кетишкен.
Ушул форумдан кийин “Бишкек декларациясы” кабыл алынып, илбирс тараган 12 мамлекеттин Глабалдык катчылыгы түзүлгөн, ал ушул учурга чейин иштеп жатат. Саясий жагынан караганда да бул форумдун иши ийгиликтүү уланды. Мисалы, өкмөт браконьерчиликке каршы түрдүү токтомдорду кабыл алды, мыйзамдар кайра иштелип чыкты, анын ичинде айыппулдардын көтөрүлүшү – мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөштүн бир бөлүгү болуп калды.
Андан сырткары, 2020-жылдан кийин да ушул иштер уланып, ушул жылдары илбирсти саноо боюнча иштер башталды. Беш жылга жакын убакыттын ичинде Кыргызстандагы илбирстерди санап алдык десек болот. Ошонун ичинде өлкөнүн көпчүлүк аймактарын NABU Кыргызстан уюму өзүнө алды. Ошондой эле министрлик, башка өнөктөштөр менен бирге жүргүзгөн аракетибиздин аркасында, өлкөдө 500дүн ары жагындагы илбирс бар деген расмий сан чыкты. Бирок баягы күнү министрдин орун басары алардын саны 550 деп айтты. Негизи илбирс так айттырбайт да, ошого расмий түрдө 500дөн өйдө деп турат.
Анан илбирсти коргоо багытындагы ишибиздин уландысы болуп, алар боюнча мониторинг жүргүзүү жумушун айтсак болот. Бул иш өтө маанилүү болуп саналат, анткени фотокапкандар илбирстерди саноого аябай чоң жардам берди. Бул боюнча Германиядагы биздин башкы кеңсебизден бир нече фотокапкандар жардам катары берилип, ошолорду колдонуп, азыркы учурда ушуга чейин санап атабыз. Илбирстен сырткары, башка да жаныбарлар боюнча да иштейбиз.
Дагы бир ийгилигибиз болуп, 2020-жылдан кийин жаратылышта жарат алган жапайы жаныбарларды калыбына келтирүүчү реабилитациялык борборубуз жаңыланды десек болот. Себеби мурунку реабилитациялык борборубуздагы жаныбарларды кармаган күпкөлөр (вольер) кичине тарыраак болуп, илбирстер дагы ыңгайсыз акыбалда турушкан эле. Анан азыр бул жерди кеңейтип, чоң-чоң күпкөлөрдү салдык, ички, сырткы күпкөлөрдү жасаттык. Анан башка жаныбарлар үчүн да курдук, куштар үчүн өзүнчө күпкө курулду. Куштарды учураар алдында машыктырып, анан жаратылышка кое беребиз да, ага өзүнчө күпкө курдук дегендей. Мындан сырткары, ал жердеги ветеринардык пунктубуз ишке кирди. Экологиялык билим берүүгө арналган конференц залдар курулуп, кыскасы, 2020-жылдан 2023-жылга чейин чоң бир комплекстти куруп алдык десем болот. Ошентип азыркы учурда бул реабилитациялык борбор ийгиликтүү иштеп атат.
-Экологиялык билим берүү тууралуу сөзүңүзгө улай, мындай суроо берейин, элге экологиялык билим берүү канчалык маанилүү?
-Экологиялык билим берүү – бул, мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүүдөн дагы өтө маанилүү десек болот. Себеп дегенде, азыркы учурда жаш муунду экологиялык тарбияга буруу учурдун негизги талабы болуп саналат. Жалпы эле аң сезимди өзгөртүү өтө татаал процесс да, анын ичинен экологиялык аң-сезимди көтөрүү же болбосо, өзгөртүү, ошого ылайыкташтыруу – бул, өтө татаал кубулуш экен. Ошондуктан, 2023-жылы Билим берүү министрлиги менен атайын меморандумга кол койгон элек, анда 2024-жылды “Экологиялык билим берүү жылы” деп өз ара келишим болгон. Ошондон баштап, экологиялык билим берүү иштери активдештирилди десек болот. Анын ичинде биз моделдик мектептерге, моделдик бала бакчаларга өзүбүздүн колубуздан келген экологиялык бурчтарды ачып бердик. Мисалы: Кемин районунун ошол учурдагы Жаңы-Алыш айыл өкмөтүндөгү бир бала бакчага экологиялык бурч ачып бердик. Андан сырткары, Кара-Кужур өрөөнүндөгү бала бакчага да ушундай экобурч ачтык. Анан ушул айылдын мектебине дагы география, биология кабинеттерин жасалгалоо үчүн экологиялык багытта көңүл буруп бердик.
Эми булар практикалык иштер болду да, мындан сырткары, экологиялык билим берүүнү бала бакчадан баштап окутуп, ушул багытта аракет кылыш керек деген идея менен иштеп атабыз. Бала бакчадан баштап, мектепке, ЖОЖдорго, жергиликтүү калкка экологиялык түшүндүрүү иштерин алып барып, бул багытта пропаганда жумуштарын жүргүзүү негизги багыттардан болуп саналып калды. Бул жаатта NABU Кыргызстан уюмунун Экологиялык билим берүү жана коомчулук менен байланыш бөлүмүбүздүн кызматкерлери тынымсыз иштеп атышат.
Нарын облусундагы бийик тоолуу Кара-Кужур өрөөнүндө да биздин экологиялык билим берүү бөлүмүбүз бар. Анын максаты – бийик тоолуу аймактардагы жайыт маселеси, жалпы эле жаныбарларды коргоо маселеси боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүү, экологиялык билим берүү, экологиялык аң-сезимди көтөрүү максатында ачылган. Өзгөчө жайында активдүү иштерди алып барабыз, анан кышында да атайын иштер алып барылат.
-Акыркы суроо болсун, алдыда кандай жумуштарды аткарууну пландап жатасыздар?
-Браконьерчилик кылуу дайыма болуп турган иш экен. Аны тыя албайт экенбиз. Ошол үчүн алдыда мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү иштери жүрө бермекчи. Бул ишти мындан ары дагы күчөтөбүз. Өзүбүздүн стратегиялык пландарыбыз аныкталган, ошонун негизинде тагыраак иштерди алып барабыз деген пландарыбыз бар. Буйруса, биздин түштүк, түндүк бөлүмдөрүбүздөгү мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөш менен алектенген “Барс”, “Барс-2” деген топторбуздун иштерин да өтө активдештиребиз.
Анан жогорудагы экологиялык билим берүү боюнча айтып кеткендей, бул жааттагы ишибиз Билим берүү министрлиги менен түзүлгөн маморандумдун алкагында эле болуп же 2024-жылдагы “Экологиялык билим берүү жылы” деп эле токтоп калбайбыз. Тескерисинче экологиялык билим берүүнү мындан ары дагы күчөтөбүз деп турабыз.
Мындан сырткары, мониторинг ишин башка аймактарда да күчөтүшүбүз керек болуп атат. Анткени башка уюмдар барбаган да жерлер бар, ошол жерлерге биздин кызматкерлер барыш керек деп ойлоп атам. Негизги максат – ал жактардан жаңы материалдарды таап, жаңы маалыматтарды чогултуп келүүгө максат коюшубуз керек. Буйруса, быйылкы жылды да интенсивдүү өткөрөбүз.
Ошол анан, биздин ар бир бөлүмдөрүбүздүн жыл ичинде аткара турган атайын пландары бар, алар ай сайын такталып турат. Негизи ар бир айда жаңы идеялар болуп турушу керек, ошону аткарышыбыз керек.
Жалпысынан айтканда, экологиялык билим берүү ишин күчөтсөкпү деп атабыз, анан реабилитациялык борбордун ишин, стратегиясын карап, мындан ары кандай иштерди алып кетет деген пландарды карайбыз. Ал жер аркылуу мамлекеттик деңгээлдеги иштерди аткарсакпы деп турабыз.
Реабилитациялык борбор жайгашкан Суулуу-Терек деген кокту бар, Кемин районунда. Аны расмий түрдө микро корукка айлантсакпы деген максат болуп атат. Бирок бул бир жылда бүтчү иш эмес. Аны мамлекет менен, Илимдер Академиясы менен чогуу алып чыгып, бардык маалыматтар топтолгондон кийин чечим чыгат да. Мунун бюрократиялык жактары көп экен, бирок илимий изилдөө да жүргүзүш керек. Ошого жергиликтүү эл менен өкмөт колдосо, ал жерди корук кылсакпы деген ой бар. Бул эми келечектеги план.
-Рахмат маегиңизге.
Маектешкен: А.Каракозуев.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.





