Иран Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерден 2 млн доллар өлчөмүндө төлөм ала баштады
Иран Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерден 2 млн доллар өлчөмүндө төлөм ала баштады. Бул тууралуу Iran International басылмасы Иран парламентинин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын мүчөсү Алаэддин Боружердинин билдирүүсүнө таянып кабарлады.
Анын айтымында, бул чара кысыктын үстүнөн «жаңы суверендүү режимди» орнотууну билдирет. «Согуш каражат талап кылат, ошондуктан биз мындай кадамга барууга аргасызбыз жана Ормуз кысыгы аркылуу өтүүнү жөнгө салышыбыз керек», — деп түшүндүргөн Боруджерди.
Ал ошондой эле Дональд Трамп Иранга Ормуз кысыгын ачуу үчүн 48 саат убакыт бергенин, болбосо өлкөнүн энергетикалык объекттерине сокку уруу менен коркутканын эске салган. Боружердинин айтымында, мындай учурда Тегеран Израилдин бардык энергетикалык объекттерине сокку урат, анткени алар жеткиликтүү аралыкта жайгашкан жана бир күндө жок кылынышы мүмкүн.
Дональд Трамп бул ультиматумду Truth Social социалдык тармагында жарыялаган. Буга жооп катары Тегеран аймактагы АКШнын бардык энергетикалык жана маалыматтык инфраструктура объекттерине сокку урулушу мүмкүн экенин эскерткен. Ошол эле учурда Axios басылмасы Трамптын командасы Иран менен мүмкүн болгон тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн форматтарын талкуулай баштаганын жазды.
The Guardian басылмасы Mehr агенттигине таянып, ирандык расмий өкүлдөр Ормуз кысыгы «душман» өлкөлөргө тиешелүү кемелерден башкасынын баарына ачык экенин билдиришкенин жазды. Маалыматка ылайык, Тегеран буга чейин «достук мамиледеги» мамлекеттерге, анын ичинде Кытайга, Индияга жана Пакистанга кысык аркылуу өтүүгө уруксат берген.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) Израиль жана АКШ жүргүзүп жаткан аскердик операциялардын фонунда кысык толук көзөмөлгө алынганын жарыялап, кемелерге ок атуулар болушу мүмкүн экенин эскерткен. Натыйжада Перс булуңундагы өлкөлөрдөн дүйнөлүк рынокко энергия ташыган танкерлердин агымы токтоп калган. Мунайдын баасы дээрлик 110 долларга чейин көтөрүлгөн.
Эл аралык энергетикалык агенттикке (МЭА) мүчө өлкөлөр кырдаалды турукташтыруу үчүн тарыхтагы эң ири көлөмдө — 400 млн баррель мунайды рынокко чыгарууга макулдашты. Мындан тышкары, 13-мартта АКШ орус мунайына карата санкцияларды жумшартып, буга чейин танкерлерге жүктөлүп, деңизде турган углеводороддорду сатууга уруксат берген. Кийин Вашингтон ушундай эле лицензияны иран мунайы үчүн да чыгарган. Axios басылмасы жазгандай, Ормуз кысыгындагы кырдаал Трамп үчүн татаал абалга айланды: кысык аркылуу кеме өтүүсү калыбына келмейинче ал согушту өз шартында токтото албайт, ал эми күч колдонуу кырдаалды курчутуп, америкалык аскерлерге коркунуч жаратат.
Мунун алдында Трамп Truth Social тармагында Ормуз кысыгын аны пайдаланган мамлекеттер өздөрү көзөмөлдөшү керектигин, АКШ эмес экенин жазган. Ал мындай өлкөлөр сураныч менен кайрылса, АКШ жардам бере аларын кошумчалап, бул алар үчүн «жеңил аскердик операция» болорун белгилеген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


