Трамп Ирандын энергобекеттерине кол салууга беш күндүк мораторий жарыялады

АКШнын президенти Дональд Трамп акыркы эки күндө Вашингтон менен Тегеран «абдан жакшы жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү» өткөргөнүн билдирди. Ушуга байланыштуу ал Пентагонго Ирандын электр станцияларына жана энергетикалык инфраструктурасына сокку урууну беш күнгө жылдыруу тапшырмасын берген. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармагында жазды.

«Бул терең, кеңири жана конструктивдүү сүйлөшүүлөрдүн мүнөзүнө жана маанайына карап, алар дагы бир жума бою уланат. Ошондуктан учурдагы жолугушуулар ийгиликтүү аякташы шартында, мен Коргоо министрлигине Ирандын электр станцияларына жана энергетикалык объекттерине карата бардык аскердик соккуларды беш күнгө жылдырууну тапшырдым», — деп айтылат анын билдирүүсүндө.

Ал сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын ачыктаган жок. Ал эми Тегеран бул маалыматка комментарий бере элек.

22-мартта Трамп Ирандан Ормуз кысыгын эки сутканын ичинде ачууну талап кылган. Эгер бул талап аткарылбаса, АКШ Иранга сокку уруп, анын электр станцияларын жок кыларын билдирген. Буга жооп катары Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) Ормуз кысыгын толук жабууга жана аймактагы АКШнын бардык экономикалык кызыкчылыктарын жок кылууга даяр экенин жарыялаган. Ошондой эле КСИР Израилдин электр станцияларына сокку уруларын жана «аймактагы америкалык үлүшү бар ушуга окшош компанияларды» жок кыларын эскерткен.

Иран Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан тартып дээрлик дароо Ормуз кысыгын бөгөттөгөн. Бул кысык аркылуу дүйнөдөгү деңиз аркылуу ташылган мунайдын болжол менен бештен бири — күнүнө 20 миллион баррелге жакыны, ошондой эле суюлтулган жаратылыш газы өтүп турган. Кемелердин өтүшү токтотулгандан кийин мунайдын баасы кескин жогорулаган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз