The New York Times: АКШ Иранга согушту токтотуу боюнча 15 пункттан турган план тапшырды

АКШ согушту токтотуу боюнча план даярдап, аны ортомчулар аркылуу Иран бийлигине өткөрүп берген. Бул тууралуу The New York Times басылмасы өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, план 15 пункттан турат. Ал пункттарда, башкалар менен катар, баллистикалык ракеталар, өзөктүк программа жана деңиз аркылуу жүк ташуу маселелери камтылган. Бирок документтин өзүн журналисттер көргөн эмес деп белгилейт басылма.

Басылманын булактары билдиргендей, АКШ менен Ирандын ортосунда негизги ортомчу болуп Пакистандын кургактагы аскер күчтөрүнүн командачысы Асим Мунир чыккан. Алардын айтымында, Мунир Ислам революциясынын сакчылары корпусу (КСИР) менен тыгыз байланышта болуп, АКШ менен Ирандын ортосунда билдирүүлөрдү жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

23-мартта АКШ президенти Дональд Трамп Иран тарап менен сүйлөшүүлөр болгонун билдирген. Андан кийин ал энергетикалык объекттерге сокку урууну беш күнгө токтотуу (мораторий) жарыялаган. Ал эми Иран бийлиги Тегеран сүйлөшүүлөр боюнча сунушту кабыл албаганын билдирген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз