Иран "дос" деп санаган өлкөлөр үчүн Ормуз кысыгын ачты
Иран бийлиги БУУнун Коопсуздук кеңешине жана Эл аралык деңиз уюмуна кайрылып, «душман эмес» кемелер Тегеран менен макулдашуу аркылуу Ормуз кысыгы аркылуу өтө аларын билдирген. Бул тууралуу 24-мартта Financial Times жана Reuters жазышкан.
Билдирүүдө мындай деп айтылган: «Душман эмес кемелер, анын ичинде башка мамлекеттерге таандык же алар менен байланышкан кемелер, эгерде Иранга каршы агрессиялык аракеттерге катышпаса жана аларды колдобосо, ошондой эле коопсуздук талаптарын сактаса, Иран бийлиги менен координациялоо аркылуу Ормуз кысыгы аркылуу коопсуз өтүү укугун пайдалана алышат».
25-мартта Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи бул маселени тактап, Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө уруксат берилген өлкөлөрдүн катарына Кытай, Орусия, Индия, Ирак жана Пакистан кирерин айтты.
Арагчинин сөзүнө караганда: «Биз достук мамиледеги айрым өлкөлөргө Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө уруксат бердик. Кытайга, Орусияга, Индияга, Иракка жана Пакистанга жол ачтык. Биздин душмандарга бул кысыктан өтүүгө уруксат берүүгө эч кандай себеп жок», — деп билдирген ал (Tasnim агенттигине шилтеме менен).
Financial Times басылмасы кемелерди көзөмөлдөө маалыматтарына таянып жазгандай, акыркы күндөрү Иран айрым аз сандагы танкерлерге өзүнүн аймактык суулары аркылуу өтүүгө уруксат берип, аларды текшерип жаткан болушу мүмкүн. Ошондой эле мурдагы жумаларда да айрым танкерлер — негизинен кытайлык — бул кысык аркылуу өткөрүлүп турган.
Ормуз кысыгы Перс булуңун ачык океан менен туташтырат жана Жакынкы Чыгыштан чийки зат ташуу үчүн өтө маанилүү жол болуп эсептелет. Дүйнөдөгү чийки мунайдын дээрлик 35%ы жана суюлтулган жаратылыш газынын болжол менен 20%ы дал ушул кысык аркылуу ташылат.
28-февралда АКШ менен Израиль Иранга каршы согуш баштагандан кийин, Тегеран Ормуз кысыгын жаап, ал аркылуу өткөн кемелерге кол сала баштаган. Чыр-чатак башталгандан бери кеминде 22 кеме чабуулга кабылган. Мындан улам 3200гө жакын кеме Перс булуңунда токтоп калып, Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө тобокел кылбай турушат.
22-мартта АКШ президенти Дональд Трамп Ирандан кысыкты эки күндүн ичинде толук ачып берүүнү талап кылып, болбосо ирандык электр станцияларын бомбалоо менен коркуткан. Бирок кийинчерээк бул план сүйлөшүүлөргө артыкчылык берүү максатында убактылуу жылдырылган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


