Ак үй Трамптын Кытайга качан барары тууралуу маалымат берди

АКШ президенти Дональд Трамптын Кытайга сапары 14–15-май күндөрү өтөт. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт брифинг учурунда билдирди.

Ливиттин айтымында, Трамп менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусу ушул күндөрү Бээжин шаарында өтөт.

«Биринчи айым Мелания жана президент Трамп да кийинчерээк Вашингтондо жооп кайтаруу сапарынын алкагында төрага Сини жана айым Пэнди кабыл алышат. Бул сапардын так күнү быйыл жарыяланат», — деп кошумчалады Ак үйдүн өкүлү.

Кийинчерээк Трамп өзү да Си Цзиньпин менен жолугушуусу 14–15-май күндөрү Бээжинде өтөрүн тастыктады.

«Менин урматтуу Си Цзиньпин менен жолугушуум, башында Ирандагы аскердик операциябыздан улам жылдырылган эле, эми кайра белгиленип, 14–15-майда Бээжинде өтөт. Биринчи айым Мелания экөөбүз да төрага Сини жана айым Пэнди быйыл кийинчерээк Вашингтондо жооп сапары менен кабыл алабыз. Биздин өкүлдөр бул тарыхый сапарларга даярдыкты аяктап жатышат», — деп жазды АКШ президенти Truth Social социалдык тармагында.

Буга чейин Трамптын Кытайга сапары марттын аягына же апрелдин башына пландалган, бирок Иран менен болгон согуштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу жылдырылган.

АКШ президенти буга чейин бул сапар болжол менен бир айга жылдырылганын да билдирген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз