Илим министри жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жогорку билим реформасы боюнча жолугушуу өткөрдү

25-мартта Бишкек шаарында жогорку окуу жайлардын ректорлорунун катышуусунда кеңейтилген жумушчу жыйын өттү. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга министр Гүлзат Исаматова, анын орун басарлары жана министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты. Аймактык ЖОЖдордун ректорлору онлайн форматта катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө жогорку жана орто кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүнүн учурдагы реформалары жана артыкчылыктуу багыттары каралды. Талкуу негизинен 12 жылдык мектеп билим берүү системасына өтүү шартында жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттарына өтүү, ошондой эле даярдоо багыттарынын тизмесин кайра карап чыгуу жана билим берүү программаларын заманбап талаптарга ылайык жаңылоо маселелерине багытталды.

Мындан тышкары, илим тармагындагы маселелер да көтөрүлүп, илимий потенциалды өнүктүрүү, изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу жана илим менен билим берүүнүн байланышын чыңдоо тууралуу сөз болду.

Өзгөчө көңүл окуу-усулдук бирикмелердин ролун күчөтүүгө, ЖОЖдордо негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрү (KPI) системасын киргизүүгө жана алардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жогорулатууга бурулду.

Ошондой эле жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана инновацияларды өнүктүрүү боюнча чаралар каралып, билим берүү жана илимий программаларды жаңылоо, университеттердин илимий потенциалын арттыруу жана сапатты башкаруу системасын өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Жыйындын алкагында билим берүү системасын санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берилди.

Талкуунун жүрүшүндө 2026–2030-жылдарга карата жогорку билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын долбоору, ошондой эле 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын негизги багыттары каралып, анда дуалдык билим берүү системасын киргизүү, ЖОЖдордун бизнес жана илимий чөйрө менен кызматташуусун кеңейтүү, кадрларды даярдоо программаларын жаңылоо жана жаңы перспективдүү багыттарды өнүктүрүү каралган.

Министр Гүлзат Исаматова жогорку билим берүүнү системалуу модернизациялоонун, окутуунун практикалык багытын күчөтүүнүн жана илим, билим берүү жана өндүрүштү интеграциялоонун маанисин белгиледи. Ошондой эле мындай жыйындар өлкөдөгү бардык ЖОЖдордо көчмө форматта өткөрүлүп, ар бир окуу жайдын иш жыйынтыктары угуларын айтты.

Жыйынтыгында артыкчылыктуу милдеттер аныкталып, тиешелүү тапшырмалар берилди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз