Иран АКШнын Сауд Арабиясындагы аскердик базасына сокку урду: ондогон аскер жараат алды

Иран Сауд Арабиясындагы авиабазага сокку ургандан кийин, кеминде 15 америкалык аскер кызматкери жаракат алды. Алардын бешөө оор абалда экени айтылууда. Бул тууралуу «Аль-Жазира» жазды.

Жума күнү Принц Султан атындагы авиабазага жасалган чабуул кеминде алты баллистикалык ракета жана 29 дронду камтыганын Associated Press билдирди.

The Wall Street Journal басылмасынын маалыматына ылайык, сокку болгон учурда аскер кызматкерлери базадагы имараттардын биринин ичинде болушкан. АКШнын аты аталбаган өкүлү Reuters агенттигине кеминде 12 аскер жаракат алганын, алардын экөө оор абалда экенин билдирген.

Ирандын борбордук аскер штабынын өкүлү Эбрахим Золфагари ишемби күнү жасаган видео кайрылуусунда Ирандын соккусунун натыйжасында бир май куюучу учак толугу менен жок кылынганын, дагы үчөө жабыркап, иштен чыкканын айтты.

Ирандын англис тилдүү Press TV телеканалы жарыялаган спутник сүрөттөрү соккудан кийин авиабазада бир нече учактын кыйраганын көрсөткөн. Буга чейин ушул аптада база эки жолу чабуулга кабылып, анын биринде 14 америкалык аскер жаракат алган.

АКШнын алыскы радиолокациялык байкоо жана башкаруу учагы — AWACS Boeing E-3 Sentry да жок кылынганы тууралуу Би-Би-Си жазды. Маалыматка караганда, АКШнын аба күчтөрүндө мындай 16 учак калган, алардын алтоо Перс булуңунда жайгашкан. Мындай учактын жоголушу АКШ жана Израилдин Иранга каршы согуштагы мүмкүнчүлүктөрүнө олуттуу сокку болот деп айтылат.

Авиабаза Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияддан болжол менен 96 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал Саудиянын падышалык аба күчтөрү тарабынан башкарылганы менен, АКШ аскерлери да пайдаланат.

Иран Перс булуңундагы өлкөлөргө жооп соккуларын улантууда. Анын пикиринде, бул өлкөлөр 28-февралда АКШ Израиль менен биргеликте баштаган операциялар үчүн плацдарм болуп кызмат кылууда.

Ошол эле учурда жума күнү кечинде АКШ менен Израилдин Иранга жасаган акыркы соккуларынын бири Бушер атомдук электр станциясын бутага алган.

Бул акыркы 10 күн ичиндеги үчүнчү сокку болуп, Ирандын Атомдук энергия уюмунун билдирүүсүнө ылайык, материалдык зыян же адам жоготуулар болгон эмес. Ошондой эле объектте эч кандай техникалык бузулуулар катталган эмес.

Al Jazeera телеканалынын Дубайдагы кабарчысы Зейн Басрави Ирандын соккулары тууралуу маалымат аз экенин белгиледи.

«Бирок чабуулдун канчалык олуттуу болгонун жаракат алгандардын санынан байкоого болот», — деди ал. Анын айтымында, бул базада адатта 2 миңден 3 миңге чейин америкалык аскер кызматкери болот жана алар негизинен ракетадан коргонуу системаларында жана логистикалык камсыздоодо иштешет.

«Согуш башталгандан бери бул база дайыма соккуга кабылып келет. Бул АКШ администрациясына карата сындарды күчөтө турган дагы бир олуттуу окуя болушу мүмкүн», — деп кошумчалады ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз