Венесуэланын президенти алгачкы жолу билдирүүсүн жарыялады
АКШда камакта кармалып жаткан Венесуэланын президенти Николас Мадуро узак убакыттан кийин алгач ирет кайрылуу жасап, 29-март күнү X социалдык тармагында билдирүү жарыялады.
Мадуро жана анын жубайы Силия Флорестин атынан жарыяланган билдирүүдө алар жарандардан колдоо сөздөрүн алып жатканын айтып, тилектештик үчүн ыраазычылык билдиришкен.
«Биз сиздердин билдирүүлөрүңүздөрдү, каттарыңызды жана дубаларыңызды алдык. Ар бир жылуу сөз жана колдоо бизди руханий жактан бекемдейт. Биз жакшы абалдабыз, кайраттуу жана сабырдуубуз», — деп айтылат кайрылууда.
Мадуро ошондой эле тынчтыкты, улуттук биримдикти жана диалогду чыңдоого чакырып, Венесуэла элдешүү жана өз ара урматтоо жолу менен өнүгүшү керектигин белгиледи.
Буга чейин анын Бруклиндеги Метрополитен тергөө абагында кармалып жатканы кабарланган. Булактардын маалыматына ылайык, анын кармоо шарттары дээрлик толук изоляцияны камтыйт.
Ошондой эле Венесуэланын президенти өзүнүн кармалышын мыйзамсыз деп эсептей турганын билдирип, бул маалыматты анын үй-бүлөсүнө жана башка венесуэлалык камактагыларга жеткирүүгө чакырган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


