Бир адамды чынжыр менен байлап алган жаран кармалды

Бишкекте адамды мыйзамсыз эркинен ажыратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 30-мартта Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Сводка АКИpress» редакциясына билдирген.

Буга чейин социалдык тармактарда чынжырга байланган эркектин видеосу тараган. Анда куткаруучулар чынжырды «болгарка» менен кесип жатканын көрүүгө болот. Видеонун автору муну анын аялы жасаганын билдирген.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси («Адамды мыйзамсыз эркинен ажыратуу») боюнча каттоого алынган.

Милиция 1971-жылы туулган И.У. аттуу шектүүнү кармады. Ал убактылуу кармоочу жайга (ИВС) киргизилди.

Тергөө версиясы боюнча, мындай аракетке акча карызы себеп болгон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз