Ирандагы Кыргызстандын элчилиги убактылуу ишин токтотту, - ТИМ
Кыргыз Республикасынын Ирандагы элчилиги өз ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Министрлик Иранда жүргөн кыргызстандыктарга сак болууну, жеке коопсуздук чараларын сактоону, эл көп топтолгон жерлерден жана кооптуу аймактардан алыс болууну, жергиликтүү бийликтин талаптарын аткарууну сунуштайт. Ошондой эле ар дайым өздүгүн тастыктаган документтерди жанында алып жүрүү жана расмий маалыматтарды тыкыр көзөмөлдөө зарыл.
Мындан тышкары, ТИМ жарандарга Иранга баруудан убактылуу баш тартып турууну кайрадан сунуштайт.
Өзгөчө кырдаал жаралса же консулдук-укуктук жардам керек болсо, кыргызстандыктар ТИМдин Консулдук департаментинин ишеним телефонуна же Иранга коңшу өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кайрылса болот.
Байланыш маалыматтары:
• КР ТИМинин Консулдук департаменти (күндүз-түнү):
+996 999 312 002
E-mail: dks@mfa.gov.kg
Кошумча шашылыш байланыш телефондору:
• КРнын Азербайжандагы элчилиги:
+994 993 312 312
+994 12 505 56 74
+994 55 750 53 01
• КРнын Армениядагы ардактуу консулу:
+374 91 919191
• КРнын Түркиядагы элчилиги:
+90 312 491 35 06
+90 545 689 68 00
• КРнын Түркмөнстандагы элчилиги:
+993 12 48 22 95
+993 12 48 22 96
+993 65 69 40 59
• КРнын Афганистандагы элчилиги:
+93 77 9099326
+93 77 9099326
+93 77 654 4504 (WhatsApp).
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


