Иран Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кеме-танкерлерге төлөм киргизүү маселесин киргизди
Иран парламентинин коопсуздук боюнча комиссиясы Ормуз кысыгынан өткөн кемелерден төлөм алуу боюнча планды жактырды. Бул тууралуу 30-мартта Ирандын мамлекеттик IRIB телерадиокомпаниясына комиссиянын мүчөлөрүнүн бири билдирген.
Планга ылайык, АКШ же Израиль менен байланышкан кемелер кысыктан өтө албайт. Ал эми башка кемелерден төлөм иран риалы менен алынат.
АКШ буга чейин Иранга бул стратегиялык маанилүү кысыктан өткөнү үчүн төлөм алууга жол бербей турганын билдирген. «Биз буга эч качан жол бербейбиз», — деген АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио ABC телеканалына берген маегинде.
Рубио кошумчалагандай, башка өлкөлөр да бул маселени олуттуу кабыл алышы керек, анткени «алар үчүн бул бизге караганда алда канча маанилүү». Ал белгилегендей, АКШ Ормуз кысыгы аркылуу энергия ресурстарынын аз гана бөлүгүн алат.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы 28-февралда башталган согушуна чейин дүйнөлүк мунай жеткирүүлөрдүн болжол менен бештен бири Ормуз кысыгы аркылуу өтчү. Согуш башталгандан кийин Иран иш жүзүндө кысыктан кемелердин өтүшүн жапкан, бул мунай рыногунда олуттуу туруксуздукка алып келген.
АКШнын президенти Дональд Трамп 22-мартта Ирандан кысыкты ачууну талап кылып, антпесе ирандык электр станцияларын бомбалоо менен коркуткан. Эки күндөн кийин, 24-мартта, Иран эл аралык уюмдарга Пакистан, Кытай, Орусия, Индия жана Иракка тиешелүү «душман эмес» кемелер Тегеран менен макулдашуу аркылуу кысыктан өтө ала турганын билдирген.
Андан кийин Трамп 10 кеме кысыктан өткөнүн айтып, Ирандагы электр станцияларына сокку урууну убактылуу токтото турганын билдирген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


