Кыргызстандын курама командасы (U-23) Сербияга кайрадан утулду
Кыргызстандын жаштар футбол курама командасы (U-23) Түркиядагы окуу-машыгуу жыйынында экинчи оюнун өткөрдү.
30-мартта башкы машыктыруучунун милдетин аткаруучу Урмат Абдукаимов жетектеген команда Сербиянын курама командасына каршы беттешти.
Оюн 2:0 эсебинде сербиялык команданын пайдасына жыйынтыкталды.
Бул Түркияда өткөн эки команданын экинчи жолугушуусу болду. 26-мартта командалар 2:2 эсебинде тең чыгышкан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

