Крымда аскердик-жүк ташуучу Ан-26 учагы кулап, 29 адам каза болду
Крым аймагында аскердик-транспорттук Ан-26 учагы кырсыкка учурап, анын кесепетинен алты экипаж мүчөсү жана бортто болгон 23 жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигине таянып, РИА Новости агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, издөө-куткаруу тобу учак кулаган жерди аныктаган. Окуя болгон жерден алынган маалымат боюнча, учактагы бардык адамдар — алты экипаж мүчөсү жана 23 жүргүнчү — каза болушкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын себеби техникалык мүчүлүштүк болушу мүмкүн. Учак кулаган жерде Орусиянын Коргоо министрлигинин комиссиясы иш алып барууда.
Ан-26 учагы менен байланыш кечээ кечинде үзүлгөн. Ал Крым аймагынын үстүнөн пландуу учууну аткарып жаткан. РИА Новости билдиргендей, учак аскага урунуп кулаган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


