1-апрелде кимдердин айлыгы көтөрүлдү жана 1-сентябрда кимдердин айлыгы көтөрүлөт?

Кыргызстанда 1-апрелден тартып бюджеттик тармакта иштеген кызматкерлердин айлык маянасы жогорулатылып, айрым категорияларга компенсациялык төлөмдөр белгиленди.

Бул чаралар Президент Садыр Жапаровдун «Бюджеттик тармактагы айрым кызматкерлердин эмгек акысын төлөө шарттарын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгынын негизинде кабыл алынган.

2026-жылдын 1-апрелинен тартып:

Билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, маалымат жана спорт, ошондой эле социалдык коргоо тармактарындагы кызматкерлердин айлык маянасы теңдөө жана тегеректөө жолу менен көбөйтүлөт. Мындан тышкары, аларга ставкасына 15 000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм белгиленет (техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо).

Ал эми техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлер, ошондой эле укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн эркин жалданган жана жарандык персоналына ставкасына 5 000 сом өлчөмүндө президенттик компенсация берилет.

2026-жылдын 1-сентябрынан тартып:

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым кызматкерлерине эмгектин татаалдыгы, сапаты, кесиптик демилгеси жана иш убактысынын ченемсиздиги үчүн кошумча үстөк акылар кызматтык окладдын 50 пайызына чейин көбөйтүлөт.

Мамлекеттик органдардын карамагындагы жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине 15 000 сом өлчөмүндө президенттик компенсация дайындалат.

Бирок бул компенсация төмөнкү түзүмдөрдүн кызматкерлерине берилбейт:
    •    укук коргоо органдарынын жана Куралдуу Күчтөрдүн кызматкерлерине;
    •    Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментине жана Юридикалык жардам кызматына;
    •    Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматында иштегендерге;
    •    Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбачылыгын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматында, ошондой эле Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинде иштегендерге;
    •    айрым адистештирилген мекемелердин кызматкерлерине (сууга түшүүчүлөрдү даярдоо жана суу астындагы техникалык иштер борбору, «АгроСмарт» мамлекеттик мекемеси, жергиликтүү соттордун судьялары, ошондой эле өзгөчө макамы бар бөлүмдөр).

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз