Ош шаарында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош шаарында жана шаарга жакын жайгашкан бир нече аймактарда жер титирөө катталды.
 
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 09:11де Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда (φ = 40° 33´с.ш.λ = 72° 48´в.д.) күчү 5 баллга жакын жер титирөө катталган(энергетикалык класс К=11). 
 
"Жер титирөө Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк, Таштак, Нариман, Кыргыз-Чек айылдарында 5 баллга чейин, Кара-Суу шаарында 4 баллга (Шарк айылынан 2 чакырым батышта, Кызыл-Кыштак айылынан 3 чакырым түндүк-чыгышта, Таштак 3 чакырым түндүк-батышта, Ош шаарынан 3 чакырым түндүктө, Нариман айылынан 4 чакырым түштүктө, Кара-Суу шаарынан 16 чакырым түштүк-батышта) чейин сезилген",- деп айтылат маалыматта.
 
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Учурда тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз