Бангладеште кызылча оорусу күчөп, 100 бала каза болду

Бангладеште тез жайылып жаткан кызамык оорусунун очогуна байланыштуу шашылыш эмдөө кампаниясы башталды. Акыркы үч жуманын ичинде бул илдеттен 100дөн ашык адам, негизинен балдар каза болгонун «Би-би-си» кабарлады.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 15-марттан бери өлкөдө кызамыктын 7500дөн ашуун учуру катталган. Ал эми 2025-жылдын ичинде бул инфекция боюнча болгону 125 учур гана катталган болчу.

170 миллион калкы бар Бангладеште кызамыкка каршы пландуу эмдөө балдарга 9 айлык кезинен баштап жүргүзүлөт. Мындан тышкары, өлкөдө ар төрт жыл сайын кызамыкка каршы атайын массалык эмдөө кампаниялары да өткөрүлүп турат.

Саламаттык сактоо департаментинин директорунун орун басары Шахриар Саджаддын айтымында, учурдагы эпидемия учурунда ооругандардын болжол менен үчтөн бири 9 айга чейинки ымыркайлар болгон.

ЮНИСЕФтин Бангладештеги өкүлү Рана Флауэрс: «Эң чоң тынчсызданууну пландуу эмдөөгө али жетпеген ушул кичинекей балдардын ооруп жатканы жаратат. 2020-жылдан бери кызамыкка каршы атайын эмдөө кампаниялары өткөрүлгөн эмес — алгач COVID-19дан улам, андан кийин “саясий абалга” байланыштуу», — деп билдирди.

2024-жылы Бангладеште массалык антиөкмөттүк нааразылыктардан кийин премьер-министр Шейх Хасина бийликтен кулатылган. Андан соң өлкөдө убактылуу өкмөт түзүлүп, быйыл февраль айында гана жаңы өкмөт шайланган. Вакциналардын жетишсиздиги үчүн айып мурдагы убактылуу өкмөткө тагылууда, анткени ал дары-дармек сатып алуунун жаңы системасын көзөмөлдөгөн.

ЮНИСЕФ билдиргендей, «Бангладеште тарыхый жактан эмдөөнүн камтылышы жогору болгон, бирок кичине эле үзгүлтүктөр убакыт өткөн сайын калктын иммунитетинде боштуктардын пайда болушуна алып келет».

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз