Кыргызстанда 1-апрелден тарта тарбиячылардын жана техникалык кызматкерлердин айлык маянасы 100%га көтөрүлдү

Кыргызстанда 1-апрелден тарта тарбиячылардын жана техникалык кызматкерлердин айлык маянасы 100%га көтөрүлдү. Бул тууралуу Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бюджеттик тармакта иштеген кызматкерлердин айлыгын жогорулатуу президенттин жарлыгынын негизинде жүргүзүлгөн. Бул категорияга тарбиячылар жана техникалык кызматкерлер да кирет.

Буга чейин президенттин жарлыгы менен 2026-жылдын 1-апрелинен тарта билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, маалымат жана спорт тармактарынын, ошондой эле социалдык коргоо тармагынын кызматкерлеринин айлык маянасы жогорулатылган.

Мындан тышкары, бир ставка үчүн 15 миң сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм белгиленген (техникалык жана кенже кызматкерлерден тышкары).

Ал эми техникалык жана кенже тейлөөчү персонал, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн жарандык кызматкерлери үчүн бир ставкасына 5 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз