NASA Айдын арткы тарабынын сүрөттөрүн жарыялады. Сүрөт
АКШнын Улуттук аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө башкармалыгы (NASA) «Артемида II» миссиясынын экипажы Айдын карама-каршы (арткы) тарабын айланып учуу учурунда тарткан алгачкы сүрөттөрдү жарыялады.
Айды айланып учуу жети саатка созулду. «Орион» космостук кемеси Айдын бетинен болжол менен 6400 чакырым бийиктикте учуп өттү. Астронавттар Жерден 406 771 чакырым аралыкка чейин алыстап, жаңы рекорд коюшту.
Айдын арткы тарабы аркылуу учуп бара жатып, экипаж Айдын бетинин сүрөттөрүн тартып, ошондой эле «Жердин батышына» күбө болушкан — бул учурда «Орион» Айдын артына өтүп жатканда Жер Айдын горизонтунун артына жашынып кеткен. Кийинчерээк алар «Жердин чыгышын» да көрүшкөн — космостук кеме Айдын каршы тарабынан чыкканда Жер кайрадан көрүнгөн.
Мындан тышкары, астронавттар дээрлик бир саатка созулган күн тутулууну да байкашкан. Бул көрүнүш космостук кеме, Ай жана Күн бир сызыкка келген учурда болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


