УКМК кызматкерлерине 386 арыз каралып жатат, - Максат Асаналиев

УКМК кызматкерлерине карата 386 арыз каралууда. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев 7-апрелде Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев УКМКнын ишине байланыштуу акыркы окуялар боюнча маалымат берүүнү сурады: канча адам кармалды жана кандай кылмыш иштери козголду.

Башкы прокурор Максат Асаналиевдин айтымында, учурда Аскер прокуратурасы коррупция жана кызматтык кылмыштар боюнча 18 ишти тергеп жатат. Бул иштердин алкагында 9 кызматкер жоопкерчиликке тартылган, алардын 8и камакта, ал эми 1и соттун чечими менен үй камагында. Ошондой эле «жашыруун» деген макамдагы дагы бир иш тергелүүдө.

Сыдыгалиев ишкерлер тарабынан кайрылуулар түшүп жатканын белгилеп, канча арыз келип түшкөнүн сурады.

Башкы прокурор жалпы жонунан УКМК кызматкерлерине карата 386 арыз каралып жатканын билдирди. Алардын арасында жогоруда айтылган кылмыш иштери, өндүрүштүк иштер, ошондой эле кылмыш ишин козгоодон баш тартылган учурлар да бар.

Депутат «кустуризация» кандай жүргүзүлгөнүн жана анын мыйзамдуулугу канчалык сакталганын сурады.

Башкы прокурордун маалыматына караганда, кылмыш ишинин алкагында тергөөчүнүн, прокурордун же соттун чечимдеринин негизинде, кылмыштан келтирилген материалдык зыянды өндүрүп алуу максатында көптөгөн объекттер жана мүлктөр мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.

«Тергөө жүрүп жатканда прокуратура бул иштерди көзөмөлдөп, тиешелүү баасын берип турган. Азыркы учурда мүлктүн басымдуу бөлүгү мамлекеттик фондго өткөрүлдү.

Акча каражаттары атайын тергөө органдарынын депозиттик эсептеринде сакталууда же мурдагы жылдардагы каражаттар Финансы министрлигинин карамагына өткөрүлгөн.

Ал эми ыктыярдуу, демөөрчүлүк жардамдар боюнча прокуратура көзөмөл жүргүзгөн эмес, анткени алар кылмыш иштерине тиешеси жок болчу.

Учурда Аскер прокуратурасы тергеп жаткан иштердин алкагында мамлекеттин кызыкчылыгынан тышкары жеке кызыкчылык үчүн мыйзамсыз менчиктештирилген, басып алынган же пайдаланылган мүлк жана каражаттар да текшерилип жатат. Тиешелүү кызматкерлерге карата тергөө жүрүүдө», — деди ал.

Депутат Сыдыгалиев бул маселени кылдат тергеп, анын жүрүшүн көзөмөлгө алууну суранды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз