АКШ Иран менен согушка жардам берүүдөн баш тарткан НАТО өлкөлөрүнөн өз аскерлерин чыгарууну ойлонууда, - The Wall Street Journal
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Иран менен болгон согуш маалында АКШга жана Израилге жардам көрсөтпөгөн НАТО өлкөлөрүнөн өз аскерлерин чыгарып кетүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу 8-апрелде The Wall Street Journal басылмасы жазды.
Сунушталган планга ылайык, америкалык аскерлер АКШнын аскердик кампаниясын активдүү колдогон өлкөлөргө кайра жайгаштырылышы мүмкүн.
Басылманын маалыматына караганда, бул Ак үй Европадагы айрым НАТО өлкөлөрүн Иранга каршы согушта жардам берүүдөн баш тартканы үчүн “жазалоо” максатында карап жаткан бир нече варианттын бири. Ошол эле учурда бул сунуш Трамптын АКШны НАТОдон толук чыгарып кетүү тууралуу мурда айткан коркутуусунан алыс экени белгиленет.
Гезит кошумчалагандай, бул план администрациядагы жогорку кызматтагы айрым аткаминерлер тарабынан колдоого алынган, бирок азырынча иштеп чыгуунун баштапкы баскычында турат.
Администрациядагы эки өкүлдүн айтымында, аскерлерди кайра жайгаштыруудан тышкары, план Европадагы кеминде бир өлкөдөгү АКШнын аскер базасын жабууну да камтышы мүмкүн. Мисалы, мындай кадам Испанияда же Германияда жасалышы ыктымал.
Ак үй бул маалымат боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
АКШ аскерлери Европанын кайсы өлкөлөрүнөн так чыгарылары азырынча белгисиз. The Wall Street Journal Испания, Германия, Италия жана Францияны Иранга каршы согушту сынга алган же болбосо АКШ аскерлерине өзүнүн аба мейкиндигин же аскердик базаларын колдонууга уруксат бербеген өлкөлөрдүн катарына киргизген.
Басылманын булактары билдиргендей, америкалык аскерлердин кайра жайгашуусунан Польша, Румыния, Литва жана Греция утушта калышы мүмкүн. Гезит белгилегендей, бул план АКШ аскерлеринин көбүрөөк бөлүгүн Орусиянын батыш чек араларына жакын жайгаштырууга алып келиши ыктымал, бул болсо Москва тараптын нааразычылыгын жаратышы мүмкүн.
WSJнин маалыматы боюнча, учурда Европада жалпысынан болжол менен 84 миң АКШ аскери жайгашкан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

