ИИМ жолдорго кошумча камераларды орнотту
Ички иштер министрлиги «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекстерди ишке киргизүүнү улантууда.
Ведомствонун басма сөз кызматы 13-апрелде билдиргендей, 2026-жылдын башынан тартып Бишкек шаарында, ошондой эле Бишкек—Кордай, Бишкек—Нарын—Торугарт, Бишкек—Балыкчы—Чолпон-Ата—Каракол жана Бишкек—Ош (Чүй облусунун аймагында) автожолдорунун тилкелеринде мындай комплекстер орнотулуп, пайдаланууга берилди.
Аппараттык-программалык комплекстер коопсуздук курун тагынбаган учурларды, каршы тилкеге чыгып кетүүнү, ылдамдыкты ашырууну, жол белгилеринин талаптарын сактабаганды каттайт. Ошондой эле «Коопсуз шаар» камералары тарабынан катталган, бирок төлөнбөгөн айып пулдарды да аныктайт.
Ишке киргизилген комплекстер көп функционалдуу болуп саналат. Тактап айтканда, унаа жогорку ылдамдыкта бара жаткан учурда да мамлекеттик номерин так аныктап, айдоочунун коопсуздук курун тагынган-тагынбаганын сапаттуу каттай алат.
Санариптештирүүнүн негизги максаты — жол кырсыктарын алдын алуу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

