Биз Талдык ашуусуна тоннель курабыз, - С. Жапаров
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 13-апрелде Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушууда Талдык ашуусуна тоннель куруларын билдирди.
Жергиликтүү тургундардын бири Уч-Коргон — Дароот-Коргон унаа жолу көп жылдан бери пайдаланууга берилбей жатканын айтты.
Президент бул долбоор боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу транспорт министри Талантбек Солтобаевтен сурады.
Министр жолдун узундугу 120 км экенин айтып, 2025-жылы долбоорлоо иштери аяктаганын, анын жыйынтыгында долбоордун баасы 8,5 млрд сомго бааланганын билдирди (салыштыруу үчүн: 2026-жылга Жол фондунун болжолдуу бюджети 7,9 млрд сомду түзөт).
Солтобаев бул долбоор үчүн инвесторлор изделгенин кошумчалап, учурда республикалык маанидеги иштеп жаткан жолдор оңдолуп жатканын түшүндүрдү.
«Ушундан улам бул маселени этап-этабы менен карашыбыз керек же инвестор табуу зарыл. Жол өтө татаал, деңиз деңгээлинен 3600–3700 метр бийиктикте жайгашкан», — деди министр.
Президент Талдык ашуусуна тоннель куруу пландары бар экенин эске салды.
Министр бул долбоор азырынча идея деңгээлинде экенин, техникалык-экономикалык негиздеме али даярдала электигин айтты. Анын маалыматына ылайык, тоннелдин узундугу 7–8 км болуп, ашуу аркылуу өтүү жолун 20–25 кмге кыскартат.
Президент тургунга кайрылып, мамлекет жакынкы жылдары Талдык ашуусуна тоннель курууну пландап жатканын түшүндүрдү.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

