Чыңгыз Айдарбековго кылмыш иши козголду
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мурдагы башчысы Чынгыз Айдарбеков кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча иштин алкагында айыпталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
14-апрелде анын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.
Милициянын маалыматына ылайык, тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ТИМдин мурдагы жетекчилери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.
Тергөө версиясы боюнча, мурдагы тышкы иштер министри А.Ч.А. кызматта турган мезгилде министрликтин айрым кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бюджеттик каражаттарды пайдаланууда бир катар мыйзам бузууларга жол берген.
Атап айтканда, каражаттарды мыйзамсыз жумшоо, айрым чыгаша беренелерин ашыра көрсөтүү, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын тийиштүү документтерсиз же жалган документтердин негизинде эсептен чыгаруу, ошондой эле аларды өзүнө ыйгарып алуу фактылары болгон. Мындай иштер айрым учурларда байланышкан (аффилирленген) түзүмдөр аркылуу жүргүзүлгөнү айтылды.
Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгоду.
Чынгыз Айдарбековго айып тагылып, ага карата өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Учурда иштин бардык жагдайларын толук, ар тараптуу жана объективдүү аныктоого, ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды табууга багытталган тергөө аракеттери улантылып жатат.
Чынгыз Айдарбеков 2018-жылдын октябрынан 2020-жылдын октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри болуп иштеген. Ал бул кызматты Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган мезгилде аркалаган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

