Эдил Байсаловдун ордуна Улан Маматканов дайындалды
Улан Маматканов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттин админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы орун басар Эдил Байсаловдун ордуна келди.
Маматканов 1982-жылы Кара-Суу районунда туулган. Буга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана министрлигинде, өкмөттүн жана президенттин аппараттарында ар кандай кызматтарды аркалаган. Социалдык фонддун башчысынын орун басары болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

