Адылбек Касымалиев менен Марко Рубио Кыргызстандын менен АКШнын визалык режимин жеңилдетүүнү талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен соода-экономикалык жана каржы-инвестициялык тармактардагы кызматташтыкты, жарандык авиация маселелерин, ошондой эле санкцияларга байланышкан темаларды жана визалык режимди жөнөкөйлөтүү маселесин талкуулашты.

Адылбек Касымалиев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан салам айтып, «C5+1» форматынын маанисин белгиледи. Ошондой эле ал Марко Рубиого бул платформага көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүп жатканын белгиледи: 2022–2024-жылдары жыл сайын 9 пайыздан жогору өсүш катталган, ал эми 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өсүш 11,5 пайызды түзгөн.

«Биз Америка Кошмо Штаттарын маанилүү өнөктөш катары гана эмес, илимий-технологиялык өнүгүү жаатында дүйнөлүк лидер катары да карайбыз. Кыргызстан инновациялар, санариптик трансформация жана алдыңкы технологияларды киргизүү тармагында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар», — деди Адылбек Касымалиев. Ал ошондой эле сапарынын алкагында АКШнын алдыңкы технологиялык корпорациялары менен бир катар жолугушуулар өткөнүн кошумчалады.

Тараптар Вашингтондо өткөн саясий консультациялардын жыйынтыктарын да талкуулашты. Адылбек Касымалиев Марко Рубиону Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио сапар үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгиледи жана мындан аркы диалогго даяр экенин ырастады. Тараптар кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин дагы бир жолу билдиришти.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз