Бишкектин милициясы жылаңач абалда окуучуларды кубалаган жаранды кармады

7-апрелде Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, жылаңач абалда чуркап, балдарды коркуткан эркек киши кармалды.

Окуя 13-апрель күнү саат 11:00 чамасында Бишкек шаарындагы 4-кичи райондо болгон. Бул көрүнүштүн видеосу социалдык тармактарга тараган.

Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, анын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тартип бузган жарандын өздүгүн аныкташкан. Ал 1995-жылы туулган О.М. болуп чыккан.

Маалым болгондой, ал Республикалык психикалык ден соолук борборунда каттоодо турат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз