Нурсултан Кеңешбеков Тажикстанда өткөн жарым марафондун жеңүүчүсү болду
Кыргызстандын спортчусу Нурсултан Кеңешбеков Тажикстанда өткөн эл аралык жарышта жеңүүчү болду.
15-жолу уюштурулган эл аралык жарым марафон 18-апрелде Душанбе шаарында өттү.
Кыргызстандык спортчу 21,1 чакырым аралыкты 1 саат 4 мүнөт 40 секундда чуркап өтүп, марага биринчи болуп келди.
Жеңиши үчүн Кенешбеков 33 миң 250 сомони (болжол менен 306 миң сом) өлчөмүндө акчалай сыйлык алды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


