Ордо менен тогуз коргоолдун жыйынтыгы белгилүү болду ФОТО


 

Бүгүн, 12-сентябрь күнү Алай районунун Жошолу айылындагы Калама жайлоосунда Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналып уюштурулган ордо жана тогуз коргоол боюнча мелдеш жыйынтыкталды.


Аталган оюндардын алгачкы бөлүгү кечээ, 11-сентябрь күнү орун алып, бүгүн финалдык турлары өттү.


Ордо оюну:


- 1-орунду Талас командасы алып, 100 миң сом менен сыйланды;

- 2-орунга Бишкек шаарынын командасы ээ болуп, 80 миң сом сом менен сыйланды;

- 3-орунду Чүйдүн командасы алып, 60 миң менен сыйланды;

- 4-орунга Ош облусунун командасы татыктуу болуп, 30 миң сом менен сыйланды.


Тогуз коргоол:


Эркектер:


- 1-орунга Бишкек шаарынын командасы ээ болуп, 60 миң сом сом менен сыйланды;

- 2-орунга Ош шаарынын командасы татыктуу болуп, 40 миң сом менен сыйланды;

- 3-орунду Ысык-Көл облусунун командасы алып, 20 миң сомго ээ болду.


Кыз-келиндер:


- 1-орунду Бишкек шаарынын командасы ээледи;

- 2-орунга Жалал-Абад облусунун командасы татыктуу болду;

- 3-орунду Ош облусунун командасы ээледи.


Кыз-келиндерге да жогоркудай эле акчалай сыйлыктар тапшырылган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз