АКШ Оман булуңунда Ирандын жүк ташуучу кемесин кармады, Тегеран америкалык кемелерге кол салуу менен жооп берди

АКШ Оман булуңунда Ирандын Touska аттуу жүк ташуучу кемесин кармап калганын АКШнын президенти Дональд Трамп билдирди.

Анын айтымында, узундугу дээрлик 900 фут (болжол менен 275 метр) болгон, салмагы авианосецке тең келген Touska кемеси деңиз блокадасын бузууга аракет кылган. Бирок АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнө таандык Spruance ракеталык эсминеци аны Оман булуңунда токтотуп, эскертүү берген. Ирандык экипаж баш ийүүдөн баш тарткан соң, америкалык кеме анын машиналык бөлүгүнө зыян келтирип токтоткон.

Учурда кеме АКШнын деңиз пехотасынын көзөмөлүндө. Трамп Touska кемеси буга чейин мыйзамсыз аракеттерге катышканы үчүн АКШнын Каржы министрлигинин санкциясына киргизилгенин белгиледи. Азыр кеменин ичиндеги жүк текшерилип жатат.

Ал эми Иран АКШнын бул аракетин Оман булуңундагы элдешүүнү бузуу жана “деңиз каракчылыгы” деп атады. Тегерандын билдирүүсүнө ылайык, жооп катары америкалык аскер кемелерине каршы учкучсуз учактар менен сокку урулган. Бул тууралуу «Хазрат Хатам аль-Анбия» борбордук аскер штабынын өкүлү билдирген.

Аймактагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кийинки этабы белгисиз бойдон калууда. Бул сүйлөшүүлөр ушул жумада Пакистандын борбору Исламабад шаарында өтүшү керек болчу.

Трамп Truth Social социалдык тармагында анын өкүлдөрү Исламабадга жөнөп кеткенин билдирди.

Ал ошондой эле Иранга “адилеттүү жана акылга сыярлык келишим” сунушталып жатканын айтып, эгер Тегеран макул болбосо, АКШ Ирандагы бардык электр станцияларын жана көпүрөлөрдү жок кыларын эскертти.

Өз кезегинде Иран 17-апрелде Ормуз кысыгын соода кемелери үчүн ачканын билдирген, бирок эртеси кайра жапкан. Тегеран АКШ иран портторун бөгөттөп турган шартта Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин өтүшүнө тоскоолдук кыларын билдирген.

АКШ менен Израиль Иранга каршы согуш баштаганга чейин, дүйнөдөгү мунай жеткирүүнүн болжол менен бештен бири дал ушул Ормуз кысыгы аркылуу өтчү. Согуш башталгандан кийин бул кысык дээрлик жабылып, Иран уруксат берген кемелер гана өтө баштаган. АКШ болсо кысым көрсөтүү максатында Иран портторуна блокада жарыялаган.

Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы 11–12-апрелде Исламабад шаарында өтүп, жыйынтыксыз аяктаган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз