Кара-Сууда жол кырсыгынан 4 адам каза болду

Кечээ,20-апрель күнү Кара-Суу районунда жол кырсыгы болуп,төрт айыл башчы сайга түшүп кетип каза болушту.Бул тууралуу өздүк булактар билдиришт, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Маалыматка караганда, кырсык түштөн кийин Ынтымак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылында болгон.

Бул боюнча Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун танатология бөлүмүнүн башчысы Арап Кожобаев тастыктап, кечээ саат 18:00гө жакын алынып келингенин билдирди.

“Булар тажияга баратып,жардан кулап кетишиптир.Төртөөнүн үчөө унаанын ичинде сууга чөгүп каза болушкан, бирөө унаадан түшүп кетип чөгүп каза болуптур.Жаштары 1976, 1977, 1962-жылкылар,ал эми унаа башкарган 1958-жылкы болгон”,-деди ал.

Кара-Суу районунун акими Чыңгыз Бапаев кырсыктын натыйжасында Жаңы-Арык, Ак-Терек жана Таш-Арык айылдарынын башчылары, ошондой эле Ынтымак айыл өкмөтүнүн бир кызматкери каза болгонун тастыктады.

Бул боюнча Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү маалымат бере элек.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда,кырсык20-апрель күнү саат 13:50 чамасында болгон.

Маалыматка караганда,Ош облусунун Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын Кызыл-Суу айылына бара жаткан жолдо,1958-жылы туулган А.А. өзүнүн башкаруусундагы “Хундай-Акцент" үлгүсүндөгү автоунаасы менен жолдун жээгиндеги каналга түшүп кетип жол-унаа кырсыгын жасаган.

Натыйжада,“Хундай-Акцент" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 1958-жылы туулган А.А жана жүргүнчүлөрү 1962-жылы туулган У.А, 1977-жылы туулган А.Б жана 1976-жылы туулган М.А. денелеринен оор жараат алышып,окуя болгон жерде каза болушкан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз