Ош шаарында аскердик госпиталдын курулушу башталды
Коргоо министри Руслан Мукамбетов 21-апрелде Ош шаарында 150 орундуу аскердик госпиталдын курулушуна капсула салды.
Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы медициналык мекеме Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык заманбап талаптарга ылайык жабдылат.
Курулуш иштерин аяктоо жана объектти пайдаланууга берүү 2028-жылдын декабрь айына пландалууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

