Бишкек: Гипермаркеттен 24 миң шомдук шоколаддарды уурдаган аял кармалды
Бишкекте милиция кызматкерлери таттууларды уурдоого шектелген аялды кармашты. Бул тууралуу 23-апрелде Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга арыз менен бир жаран кайрылып, анын айтымында, 28-март күнү Бишкектеги гипермаркеттердин биринде белгисиз кыз жашыруун түрдө 24 миң 450 сомдук шоколад конфеттерин уурдап кеткен.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен кылмыш иши козголду.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 1997-жылы туулган аял аныкталып, кармалды. Ал тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына (ИВС) киргизилди.
Учурда анын дагы жети ушуга окшош кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталды. Тергөө иштери уланууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

