Арал деңизин сактап калуу боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы бүткүл Борбордук Азиянын туруктуу өнүгүшү үчүн абдан маанилүү,- К. Токаев
Эл аралык Аралды куткаруу фондунун (МФСА) негиздөөчү мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев аймакта суу жана экологиялык көйгөйлөр күчөп жаткан шартта күч-аракеттерди бириктирүү, тилектештик көрсөтүү жана пикир келишпестиктерди өз ара кабыл алынган компромистердин негизинде биргелешип чечүү өтө маанилүү экенин билдирди.
Анын айтымында, бул багытта Кыргызстандын тажрыйбасы бүтүндөй Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү.
«Белгилүү болгондой, Кыргызстан Фонддогу ишмердүүлүгүн токтоткон. Бул Кыргыз мамлекетинин суверендүү укугу жана Казакстан муну урматтайт. Ошол эле учурда Казакстан Кыргызстан менен мекемелер аралык деңгээлде жумушчу байланыштарды жогору баалайт жана мындан ары да биргелешкен ишке даяр. Өзгөчө белгилеп кетем: Кыргызстандын тажрыйбасы Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү. Ошондуктан, биздин оюбузча, эртеби-кечпи Кыргызстан МФСАдагы катышуусун калыбына келтирет. Кандай болгон күндө да, биз буга кубанмакпыз. Фонддун аймактагы ролун бекемдөө үчүн суу маселелерин көп тараптуу кызматташтыктын башка форматтарынын күн тартибине, анын ичинде Консультативдик жолугушууларга интеграциялоо сунушталат», – деди Токаев.
Кыргызстан 2016-жылдан бери Эл аралык Аралды куткаруу фондунун ишмердүүлүгүнө катышуусун токтоткон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

