Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Европа Биримдигинин Кыргызстанга каршы санкциялары боюнча комментарий берди
Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Биринчи канал телеканалына маек берип, Европа Биримдиги Орусияга каршы киргизген 20-пакет санкциялардын алкагында Кыргызстанга карата чектөөлөргө комментарий берди.
“Бул санкциялар Орусияга болгон берилгендик үчүн жаза катары каралса болобу?” деген суроого жооп берип жатып, Песков Бишкек эң оболу өзүнүн кызыкчылыктарын жетекчиликке аларын айтты.
«Бул Орусияга берилгендик эмес, бул биринчи кезекте өз кызыкчылыгыңа берилгендик. Эгер мамлекет өз кызыкчылыгы үчүн кандайдыр бир кадамга барса, демек ал кадамдан түшө турган пайда башка тараптан болушу мүмкүн болгон пайдадан жогору деп эсептелет. Мындай учурда бул негизделген тобокелчилик болуп саналат», — деди ал.
Ал ошондой эле кыргыз-орус кызматташтыгы өз ара пайдалуу экенин белгиледи.
«Биз да табабыз, Кыргызстан да табат — бул биргелешкен инвестициялык долбоорлор», — деп кошумчалады Песков.
20-пакет санкциялардын алкагында Европа Биримдиги Кыргызстанга санариптик башкаруусу бар станокторду экспорттоого тыюу салды. Бул жабдуулар Орусияга кайра экспорттолушу мүмкүн деген коркунуч менен түшүндүрүлдү. Ошондой эле эки кыргыз банкы — "Керемет Банк" жана "Капитал Банк" менен финансылык операцияларды жүргүзүүгө чектөө киргизилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

