Анвар Хожиев бокс боюнча дүйнөлүк кубоктун коло медалына ээ болду

Кыргызстандык мушкер Анвар Хожиев Бразилияда өткөн бокс боюнча Дүйнө кубогунда 3-орунду ээледи.

2026-жылдагы Дүйнө кубогунун биринчи этабы World Boxing версиясы боюнча 20–26-апрелде Фош-ду-Игуасу шаарында өттү.

Хожиев 50 кг чейин салмак категориясында күч сынашып, мелдешти 1/8 финалдан баштады.

Алгачкы беттешинде ал Япониялык мушкерди жеңсе, чейрек финалда Австралия өкүлүн утуп чыкты.

Жарым финалда ал Азербайжандын боксчусу менен беттешип, калыстардын бөлүнгөн чечими менен утулуп калды.

Жыйынтыгында Анвар Ходжиев 3-орунду ээлеп, коло медаль утту.

Бул турнирге Кыргызстандан башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жетектеген төрт спортчу катышкан.

50 кг чейин салмак категориясы

1/8 финал
Анвар Ходжиев — Даити Аваи (Япония)
Эсеп: 3:2 (30-27, 30-27, 28-29, 27-30, 29-28)

Чейрек финал
Анвар Ходжиев — Айзаз Омер (Австралия)
Эсеп: 3:2 (30-27, 29-28, 28-29, 29-28, 28-29)

Жарым финал
Субхан Мамедов (Азербайжан) — Анвар Ходжиев
Эсеп: 4:1 (30-27, 30-27, 30-27, 30-27, 28-29).

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз