Мунарбек Сейитбек уулу Англиядагы беттешин жеңиш менен баштады
Мунарбек Сейитбек уулу Улуу Британияда өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында жеңиш менен баштады.
World Boxing версиясы боюнча турнир ушул күндөрү Ливерпуль шаарында өтүүдө.
Париж Олимпиадасынын финалчысы 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, мелдешти 1/16 финалдык баскычтан баштады. Анын алгачкы атаандашы Албаниянын өкүлү болду. Кыргызстандык спортчу аны 4:1 эсебинде жеңип, 1/8 финалга чыкты.
Кийинки атаандашы Англиялык Уильям Хьюитт болот. Бул беттеш 8-сентябрда өтөт.
Ошондой эле, Ихтияр Нишонов (70 кг чейин) дагы жеңиш менен баштап, Шотландиялык мушкерди 5:0 эсебинде утту. Анын кийинки атаандашы Түркмөнстандын өкүлү болот.
Алмаз Орозбеков (65 кг чейин) 1/16 финалда Болгариянын спортчусу менен рингге чыгып, 5:0 эсебинде жеңди. Эми ал Кубадан келген биринчи номер менен беттешет.
Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг чейин) 1/32 финалда Түркиялык спортчуну жеңген, бирок кийинки беттеште Бразилиялык экинчи номерге утулуп калды.
Анвар Ходжиев менен Мырзакир Кошалиев да өз атаандаштарына (Түркия жана Англиядан) жеңилип, медаль үчүн күрөштөн чыгып калышты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.