Axios: Иран АКШга Ормуз кысыгын ачууну, согушту токтотууну жана өзөктүк сүйлөшүүлөрдү кийинкиге калтырууну сунуштады
Иран АКШга Ормуз кысыгын ачуу жана согушту токтотуу боюнча сунуш берди. Ошол эле учурда Тегеран өзүнүн өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү кийинчерээк өткөрүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу Axios басылмасы булактарга таянып жазды.
Жаңы сунуш Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи тарабынан Пакистандын ортомчулары аркылуу Исламабаддагы сүйлөшүүлөрдө (25–26-апрель күндөрү) АКШ тарапка жеткирилген. Анда ок атышууну токтотуу узак мөөнөткө узартылары же тараптар согушту толугу менен жыйынтыктоо боюнча макулдашары айтылат.
Сунушка ылайык, Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр Ормуз кысыгы ачылып, иран портторуна коюлган блокада алынгандан кийин гана башталат.
Ак үй Тегерандын сунушун алган, бирок Вашингтондун аны карап чыгууга даяр же даяр эместиги азырынча белгисиз. Axios белгилегендей, эгер блокада алынып, согуш токтосо, анда АКШ президенти Дональд Трамп Иранга басым көрсөтүүчү негизги рычагдарынан айрылышы мүмкүн. Дүйшөмбү, 27-апрелде Трамп бул маселени өз командасы менен талкуулап, сүйлөшүүлөрдөгү туңгуюктан чыгуу жолдорун карай турганы күтүлүүдө.
24-апрелде Дональд Трамп өз өкүлдөрү — Стив Уиткофф жана Джаред Кушнер — Исламабадга барып, Аббас Арагчи менен жолугушуусу үчүн жөнөткөн. Бирок кийинки күнү ал бул сапарды жокко чыгарганын билдирген. Анын айтымында: «Мен өз адамдарым учуп кетүүгө даярданып жатканда эле айттым: “Жок, 18 саат учуп барбайсыңар. Бардык козырь бизде. Алар каалаган убакта бизге өздөрү кайрыла алышат. Силер эми 18 саат учуп барып, жөн эле сүйлөшүп отурбайсыңар”». Ошол эле учурда ал бул чечимди согуштун кайра башталышы катары эсептебей турганын белгилеген.
Ормуз кысыгы Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери Иран тарабынан жабылган. Андан тышкары, АКШ тарап иран портторуна деңиз блокадасын киргизген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

