Мушкер Марсель Нурланбек уулу UFC'нин сунушунан баш тартты

Кыргызстандык мушкер Марсель Нурланбек уулу (11-1) UFC уюмунан сунуш алган, бирок андан баш тарткан. Бул тууралуу спортчу социалдык тармактар аркылуу билдирген.

Анын менежери Саид Исмаиловдун айтымында, UFC тараптан Марсельге Абу-Дабиде өтө турган UFC 328 номерлүү турниринде беттеш өткөрүү сунушталган. Каршылаш катары Анголадан чыккан мушкер Манель Капе көрсөтүлгөн. Бирок сунушталган шарттар аларды канааттандырган эмес.

«Бизге UFCден Марсель ошол жакта беттеш өткөрсүн деген сунуш түштү. UFC 328 турнири Абу-Дабиде өтөт, каршылаш катары Манель Капени беришти. Бирок сунушталган шарттар бизге жаккан жок. Биз жакшыраак шарттарды каалайбыз. Дана Уайт, акча-акча бер!», — деген менежери.

UFC 328 мелдеши  9-майда АКШда өтөт.

Марселдин айтымында, беттешке чейин 7 жума убакыт бар экенин айтышкан жана мындай шарттарды башка эч кимге сунуштабайбыз дешкен. Бирок сунушталган гонорар өтө аз болгон.

«Мага бул жакта алган акчамдан беш эсе аз сунуш кылышты. Бизге бул жаккан жок. Менежерим биздин шарттар менен чакырса жакшы болмок деди. Биз акча аз болгондуктан баш тарттык. Азыр мен үй куруп жатам, көп акча керек. Көп беттеш өткөрүшүм керек. Эгер UFCде мушташсам, курулуш токтоп калат. Бизде спонсорлор да көп эмес», — деп айткан Марсель Нурланбек уулу.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз