Трамптын кечки тамак учурундагы ок атуу боюнча шектүүгө киши өлтүрүүгө аракет кылган деген айып тагылды

Коул Алленге  Ак үйдүн корреспонденттер ассоциациясынын кечки тамагында болгон атышууга шектелип жаткан адам —  Коул Алленге АКШнын президенти Дональд Трампка кол салууга аракет кылган деген айып тагылды. Бул тууралуу BBC кабарлады.

Алленге ошондой эле зомбулук кылмышын жасоодо ок атуучу курал колдонгон жана оор кылмыш жасоо максатында ок атуучу куралды штаттар аралык ташыган деген айыптар коюлду. «Би-би-синин» маалыматына ылайык, бул беренелер боюнча ага 10 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу бар. Эгер сот аны президентке кол салууга аракет кылган деп күнөөлүү деп тапса, өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Азырынча айыпталуучу үч айыптын тең баарын четке кагууда.

Федералдык прокурор сот отурумунда Коул Аллен бул кол салууну ишке ашыруу үчүн бир нече штаттан өткөнүн билдирди. Маалыматтарга караганда, анын жанында 12-калибрдеги помпалык мылтык, үч бычак жана башка куралдар болгон.

Атышуу 26-апрелге караган түнү Washington Hilton мейманканасынын банкет залында болгон. 31 жаштагы мугалим Коул Аллен ошол мейманканадан номер алып, залдын кире беришинде турган Кызматтык коопсуздук (Secret Service) кызматкерине мылтык менен ок чыгарган. Ал ошол жерден кармалган. Ал эми Дональд Трамп кийинчерээк бул кол салуу АКШнын Иранга каршы операциясы менен байланыштуу эмес болушу мүмкүн экенин айткан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз