Ирандын коргоо министринин орун басары Кыргызстанга келди
27-апрелде Ирандын коргоо министринин орун басары, генерал-майор Реза Талаи Ник Кыргызстанга Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн келди.
Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аны Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн командачысы, генерал-майор Талантбек Талипов тосуп алды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

