"Тажикстанда да бул маселе боюнча бизди сындап жатышат". Тажик УКМКсынын башчысы кыргыз-тажик чек арасы боюнча
Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов "АКИpress" агенттигине комментарий берип, кыргыз-тажик чек ара маселеси эки элдин кызыкчылыгын эске алуу менен чечилгенин билдирди.
Ал сын-пикир айтылышы кадимки көрүнүш экенин белгиледи.
«Тажикстанда да бул маселеде бизди сындап жатышат. Бирок бул эң негизгиси эмес. Эң негизгиси – эки мамлекеттин кызыкчылыктары чечилди. Эми мамилебиз бир туугандык, тарыхый мүнөзгө ээ болот. Биз чыныгы бир туугандардай болушубуз керек. Бардык чек ара көзөмөл-өткөрүү пункттарын ачуу маселеси принципиалдуу түрдө чечилди. Алгач расмий түрдө экөө ачылат, андан кийин баары ачылат», – деди ал.
Бүгүн, 13-мартта, Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге кол коюшат. Баткен облусунда «Кызыл-Бель – автожол» жана «Кайрагач – автожол» көзөмөл-өткөрүү пункттары ачылат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.