Президент Султанбай Айжигитовдун билдирүүсү боюнча жооп берди

Президент Садыр Жапаров депутат Султанбай Айжигитовдун чек ара боюнча билдирүүсүнө жооп берди. Айжигитов кечээ, 5-март күнү Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча тажик тараптын стратегиялык кычыкчылыгына дал келген чечимдер болгонун айткан.

"Саламатчылык. Албетте көрдүм, толук уктум. Демагогия, жалаң демагогия. Бул киши үч күндө пикирин алмаштырып башкача сүйлөп чыкканы түшүнүксүз. Эмнеге минтти изилдеп көрүшүбүз керек. Бул киши баарын билет, түшүнөт, беш колундай билет.

 
Бирок эмнегедир башка дагы көп маселелерде билмексен болуп эле провокация жасай бергенин байкап жүрөм.
 
Мисалы кечээки сөзүндө Ворухту айтып жатат. Биз 19 миң 500 гектар жер берип койгондой айтты. Ворух өзү илгертен берки карталар боюнча 14 миң 500 гектар жерди ээлеп турат. Муну бул киши жакшы билет. Өзү баткендик. Анысы аз келгенсип губернатор болуп да иштеген",- деди президент.
 
Андан сырткары ворухтуктар 5 миң гектарды түзгөн Кыргызстандын жайлоосун пайдаланып келишкенин айткан президень  аталган жайлоого жергиликтүү эл Ворух аркылуу гана баргандыктан бүгүнкү күнү эч ким пайдаланбастыгын айтты.
"Ал жайлоого барчу башка жол жок. Ошол жайлоону толугу менен бизге таштагыла, ордуна биз силерге башка жерден беш миң гектар жер берели, алмашалы дешкен. Биз жок, баарын эмес, бир миң гектар гана алмашалы деп миң гектар калтырып, ордуна Чоң-Алайдан миң гектар жер жайлоо алдык.
 
Ошону менен Ворух 15 миң 500 гектар менен токтоду. Бүттү. Мындан ары түбөлүк чекит коюлду. 14 миң 500 гектар илгертен берки карталар боюнча алар ээлеп келген жер. Муну билип туруп бул депутат манипуляция кылып жатат",- деди ал.
 
"Ал эми Достук айылы боюнча. Достук айылы Ворухка дарбаза болуп турат имиш. Ворух каякта дагы Достук айылы каякта? Экөө эки башка жактарда турат. Ворухка Ак-Сай айылы дарбаза болуп турат. Мунун баарын бул киши беш колундай билет. Эки тарап тең стратегиялык максатты көздөп алмашууларды кылган жокпуз. Кайсы жерде дайыма чыр-чатактар чыгып кетип жаткан жерлерди алмаштык.
 
Анткени алмашылган жерлер же анклав, же шахматтын тактасындай аралашып жайгашып калган, же чек араларыбызга чапташып турган айылдар. Биз деле алардын айылдарын алдык.
 
Алардын эли деле өз бийлигин сындап жатканын көрүп турабыз. Эки мамлекеттин ортосунда чек ара чечилип жатканда бир айылдын кызыкчылыгы болбош керек.
 
Дагы бир сөзүнө көңүл бурдум. “Настоящий договор бессрочно, денонсации не подлежит деп туура эмес кылышкан” дейт. Бул кишинин ою боюнча ар жыл сайын кайрадан жер талашып, согушуп, атышып турушубуз керекпи?
 
Чек ара түбөлүккө чечилди. Бүттү, эки тараптын кызыкчылыгы теңме-тең болуп чекит коюлду.
 
Чек ара боюнча дагы айта турган көп сөздөр бар. Азырынча айтууга болбойт. Баары бүтсүн анан айтабыз.
 
Ошондо биздин ишибизге тарых баа берет. 5 деген баа берилерине бөркүмдөй ишенем",- деди С. Жапаров.
Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы кандай чечилгенин айтып, болушунча эки тараптын пайдасын көздөп чечилгенин бидирген болчу.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз